www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте унаа тыгынын чечүү маселеси талкууланды

Бишкек шаарында мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда транспорт маселелери боюнча координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык коомдук транспорттун ишинин сапатын жана жол-транспорттук инфратүзүмдү жакшыртуу маселелери каралды. Кеңешмеде координациялык кеңештин мүчөлөрү — И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окумуштуу, профессорлору, илимдин докторлору болду.

Андан тышкары аталган окуу жайдын студенттери да күбө болду. Координациялык кеңештин мүчөлөрү алгач «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт» муниципалдык мекемесинин автобустар токтоочу жайында болуп, коомдук транспорттун ишин уюштуруу тартиби менен таанышты.

Андан соң мэр менен биргеликте борбор калаадагы «Бишкек автобекети» муниципалдык жайгашкан Кырдаалдык борборго барышты.

Жаңыдан ишке кирген жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасынын жана транспорт видеодетекторлорунун мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле борбордун функционалдык жана техникалык базасы көрсөтүлдү.

Шаардын көчөлөрүнүн кесилиштерине орнотулган жол кыймылын башкаруучу автоматташтырылган системасынын иши онлайн режимде тааныштырылды. Анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Азыркы учурда пилоттук долбоордун негизинде 21 көчөнүн кесилишине акылдуу жол чырактар орнотулган.

Алар унаанын агымына жараша иштөө тартибин өзгөртүп, жол тыгынын көзөмөлгө алат. Долбоор толук ишке ашса борбордун 150дөн ашык эң көйгөйлүү көчө кесилиштерине акылдуу жол чырактар орнотула турганы айтылды. Мэр унаа тыгынын азайтуу үчүн комплекстүү жумуш жасалып жатканын билдирди. Ошондой эле шаардагы унаа тыгынын чечүү багытында координациялык кеңештин мүчөлөрү берген сунуштар, баяндамалар угулду.

Бул багытта билим алып жаткан жогорку окуу жайдын студенттеринин жүргүзгөн изилдөөлөрү да тааныштырылды. Транспорт маселелери боюнча координациялык кеңеш мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы астында түзүлгөн. Алар шаардын транспорт тутумундагы көйгөйлөрдү изилдеп, илимий негизге таянган сунуштарды беришет. Шаар бийлиги алар берген тыянакка жараша чечим кабыл алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости