www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы көчөлөрдүн 8 тилкесинде тротуарларды капиталдык курууну улантууда. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет. Маалым болгондой, тротуардын жалпы узундугу 14 чакырымды түзөт. Учурда төмөнкү көчөлөрдүн тилкелеринде иштер уланууда:

- Чүй проспектинин Курманжан-датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);

- Чүй проспекти боюнча Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);

- Горький көчөсү Карасуу көчөсүнөн Тынчтык проспектине чейин (түндүк тарабы);

- Фучик көчөсү "Газпром-Кыргызстан" ААКтын кеңсесинен Рыскулов көчөсүнө чейин (батыш тарабы);

- Махатма Ганди көчөсү Жибек Жолу проспектинен Саадаев көчөсүнө чейин;

- Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);

- Юнусалиев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Донецкая көчөсүнө чейин.

Белгилей кетсек, Садырбаев көчөсүн бойлой Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин чыгыш тараптан 2800 метр тротуар орнотулган веложол бүтүрүү алдында турат. Жол иштерине байланыштуу жакында Шабдан-баатыр көчөсүнүн эки тарабында Курманжан-датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин тротуар жабдылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости