www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-майда Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 100 күн калганын билдирген электрондук такта иштей баштады. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Тактаны ишке киргизүү аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, маданият министри Мирбек Мамбеталиев жана Бишкек мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышкан.

Улан Маматканов Көчмөндөр оюндары кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуудагы маанисин белгилеп, оюндардын салтанаттуу ачылышы Борбор Азиядагы эң ири жаңы стадиондо өтөрүн, ал эми негизги таймаштар Ысык-Көлдө улантыла тургандыгын маалымдаган.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, сахнада оркестр, хор, бий ансамблдери жана кыргыз эстрада жылдыздары өнөр көрсөтүшкөн. Ошондой эле аянтта этноспорттук аянтчалар, фотозоналар жана фуд-корттор уюштурулган.

Артка саноочу сааттын ишке кириши VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктардын башталышын билдирет. Оюндар ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлөт.

Последние новости