www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу борбор калаада ыш мурдагыга караганда азайганын билдирди.

"Ыш маселеси боюнча айта кетсем, акыркы жылдарды алсак, быйыл биринчи жолу Бишкек жашыл аймакка кирди. Муну баарыбыз көрүп жатабыз. Бийлик бул маселе боюнча иштеп жатат. Шаар жетекчилиги ар кандай ыкмаларды колдонуп, абаны тазалоо үчүн иштеп жатышат. Бул үчүн аларга ыраазычылык билдиришибиз керек. Биз жакшы жагында да айтууну үйрөнүшүбүз керек. Ыш көйгөйү толугу менен чечилди деп айта албайбыз, бирок мурунку жылдарга салыштырмалуу абанын булганышы азайды", - деди төрага.

Последние новости