www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жаңы жылдык жарманке ачылат

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги дүң баада азык-түлүк сатып алууга жарманке уюштурууда.

Айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин тапшырмасы менен айыл чарба жарманкелери 4-декабрдан бери республиканын бардык аймактарында өткөрүлүп келет.

Бишкекте жарманке 17-19-20-декабрь күндөрү Фрунзе жана Глобус соода борборлорунда өтөт.

“Биз үчүн дыйкандар өз продукциясын сата турган аянтча түзүү маанилүү, ал эми жарандар продукцияны ортомчуларсыз жана дүң баада сатып ала алышат. Ошондуктан, биз ар жуманын аягында эле жарманкелерди өткөрбөстөн, республиканын бардык жерлеринде продукцияларды дыйкандардан, өндүрүүчүлөрдөн жана импортерлордон арзан баада сатып алууга болот. Бул чыныгы жарманке болот ”, - деди министр Тилек Токтогазиев.

Карапайым жарандарды колдоо максатында дыйкандар айыл чарба продукциясын дүң баада сатышат.

17-декабрда жарманке Фрунзе соода борборунун (Технопарк) жана Глобустун (7-кичи район) аймагында өтөт. Ал жерде азыктардын 1 кг төмөнкү бааларда көрсөтүлөт:

• Эт - 390 сом;

• Тоок эти - 135 сом;

• Тооктун буттары - 100 сом;

• Голень - 146 сом;

• Сан эти - 128 сом;

• Канаты - 190 сом;

• Жумуртка - 87 сом;

• Жумуртка - 85 сом;

• Шекер - 46 сом.

Жарманке 17-декабрда, саат 11:00дө башталат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү номердерге байланышса болот: 0550 700 053, 0552 886 612.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости