www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттикке талапкер Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны үй камагында калтырды. Мындай чечим 16-декабрда кабыл алынды.

Адвокаттары шайлоо мыйзамдарына ылайык, Жээнбеков президенттикке талапкер катары кол тийбестик укугунан пайдалана алат жана бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берилиши керек деген негизде сотко кайрылып, бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранышкан болчу.

Жээнбеков «Азаттыкка» билдирген маалыматында, ал чечимди президенттикке талапкердин укугун бузуу жана үгүт иштерине тоскоолдук жаратуу деп баалаган.

Эми талапкер Кыргызстандын аймактарына чыга турган болсо, ар бир жолу сотко келип уруксат алууга тийиш.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка байланышкан «Кой-Таш иши» боюнча айыпталууда. Ал 2019-жылы декабрда ИИМдин убактылуу кармоочу жайына камалып, быйыл 5-6-октябрдагы элдик толкундоодо бошотулган. Кийинчерээк сот аны үй камагында калтырган.

16-декабрда Бишкек шаардык соту дагы бир талапкер, Кой-Таш окуялары жана октябрдагы башаламандык боюнча күнөөлөнүп жаткан Курсан Асановдун бөгөт карап, аны өлкөнүн бардык аймактарында эркин жүрүшүнө уруксат берген.

Эске салсак, Президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Бул кызмат үчүн 18 талапкер ат салышууда. Президенттик кезексиз шайлоо 10-январда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости