www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 25-сентябрда «Чекиш-Ата» базарынын аймагынан октон жаракат алган 32 жаштагы эркек киши ооруканага жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгонун милициядан билдиришти.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп шектелген 2002-жылы туулган С.Д. аттуу жаран аныкталып, кармалды.
Алдын ала маалымат боюнча, шектүү 2026-жылдын июнь айында үлгүсү аныкталбаган мылтык сатып алганын, ал эми 25-сентябрда «Чекиш-Ата» базарынын аймагындагы соода түйүнүнүн ичинен терезе аркылуу эки жолу ок чыгарганын билдирген.
С.Д. ок атуучу куралды милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.