www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Д.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда өзүн коомдук бирикмелердин биринин мүчөсү катары тааныштырган белгисиз жаранга карата чара көрүүнү суранган. Ал жаран турак жайды кайтарып берүүгө юридикалык жардам көрсөтөм деген шылтоо менен ишенимге кирип, анын акча каражаттарын ээлеп алган. Такталгандай, алгач 20 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын Ош базарынын аймагындагы кафелердин биринде жолугушуу учурунда алган. Андан ары прокуратура органдарына, тергөө кызматтарына жана сот инстанцияларына барууга байланыштуу чыгымдарга деп, акча каражаттарын «МБанк» мобилдик тиркемеси аркылуу котортуп алып турган.
Жыйынтыгында, жогорудагы мыйзамсыз аракеттерден улам жабырлануучуга жалпы 360 000 (үч жүз алтымыш миң) сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка
шектүү катары 1959-жылы туулган П.У. аттуу жаран Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Урматтуу жарандар, эгерде Сиз кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, төмөнкү телефон номуруна кайрылыңыз болот: 0 706 150 797 же 102 .
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.