www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жарнама чөйрөсүндө мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө иштери уланууда.

Борбор калаанын мэриясына караштуу №303 муниципалдык аймактык башкармалык тарабынан соода жана оюн-зоок борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, сулуулук салондорунда, банк мекемелеринде, мейманканаларда, спорт комплекстеринде жана дүкөндөрдө жайгашкан сырткы жана ички жарнамалар, көрнөк-жазуулар текшерилүүдө.

Маалыматка ылайык, Ж. Абдрахманов көчөсүндө жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө жарнамалардын жана маалыматтык такталардын мамлекеттик тил боюнча мыйзам талаптарына шайкештиги бааланды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ишкерлерге мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү эскертүүлөр берилди.

Муниципалдык кызматтан белгилешкендей, мамлекеттик тилди урматтоо жана анын талаптарын сактоо — коомдогу жалпы жоопкерчилик болуп саналат.

Последние новости