www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында 30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын республикалык «Жаш таңдай — 2026» айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Иш-чаранын негизги максаты — жаш төкмө акындардын чыгармачылык дараметин колдоо, айтыш өнөрүнүн салттарын сактоо жана өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды жаш муунга жайылтуу жана таланттуу жаштарды аныктап, алардын өнөрүн кеңири коомчулукка таанытуу болуп саналат.
Айтыш эки баскычта өткөрүлөт. Алгачкы тандоо туру 2026-жылдын 18-июнунда саат 14:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Тандоодон ийгиликтүү өткөн жаш акындар финалдык баскычта күч сынашат.
Республикалык айтыштын финалы 2026-жылдын 5-июлунда саат 18:00дө Бишкек шаарындагы «Ынтымак-2» паркындагы амфитеатрда өткөрүлөт.
«Жаш таңдай — 2026» айтышы — улуттук төкмөлүк өнөрдүн келечегин улап келе жаткан жаш таланттарды колдоого, алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга жана кыргыз элинин руханий мурасын даңазалоого багытталган маанилүү маданий иш-чаралардын бири.
