www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте жашы жете элек өспүрүмгө карата мыйзамсыз аракет жасаган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 13-май күнү саат 17:30 чамасында Т. Айтматов көчөсүндө болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү 2015-жылы туулган кызды өпкөн.
Бул окуя тууралуу ошол эле күнү саат 21:16да «102» кызматы аркылуу кабарланган.
Бул факты боюнча ыплас аракеттер беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери 1953-жылы туулган Т.Ж.ны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти.
Учурда тергөө аракеттери уланууда.