www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жашы жете элек Темирланов Нуриэл изделүүдө

Бишкек шаарында 2011-жылы туулган жашы жете элек Темирланов Нуриэлди изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 9-сентябрынан 10-сентябрына караган түнү болжол менен саат 04:00 чамасында ал Бишкек шаарынын Гагарин жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон ушул убакка чейин үйүнө кайтып келген эмес.

Учурда жашы жете элек өспүрүмдүн жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө белгилери:

* чачы кара, кыска;
* бою 170–175 см;
* дене түзүлүшү орто.

Кийген кийими: белгисиз.

Милиция Темирланов Нуриэлдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандардан төмөнкү телефон номурларга кабарлап коюуну суранат

 0312 35-26-05
 0312 35-12-70
 0224 214-346

 

Последние новости