www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев көчөсү, 31/2 дарегинде жайгашкан Leader Kids жеке бала бакчасы жер тилкесин ижарага алуу боюнча талаштан улам жабылып калуу коркунучуна кептелди.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, ага аталган имаратта жеке бала бакча ачкан жаран кайрылган.
Учурда бала бакча үзгүлтүксүз иштеп, ата-энелер балдарын алып келип жатышат жана мекемеге суроо-талап жогору.
Депутат Бишкекте бала бакчалар жетишсиз экенин белгилеп, иштеп жаткан мекеменин жабылышы ата-энелер жана балдар үчүн кошумча көйгөй жаратарын айтты.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, жер тилкеси мурда көп кабаттуу турак үйлөрдү, жер алдындагы гараждарды, социалдык-маданий объектилерди жана кафени куруу үчүн берилген.
Ал эми учурда анын жеке бала бакча катары пайдаланылып жатышы жер тилкесинин максаттуу багытына туура келбей турганы белгиленген.
Ошондой эле мэрия 2026-жылдын 21-апрелинде Бишкек шаардык соту жер тилкесин ижарага берүү келишимин бузуу боюнча доо арызды канааттандырганын маалымдады.
Дастан Бекешев мэрияга кайрылып, бала бакчаны сактап калуунун мыйзамдуу жолдорун табуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, шаарга жаңы көп кабаттуу үйлөрдөн тышкары бала бакчалар, мектептер, жашыл аймактар жана социалдык инфраструктура көбүрөөк керек.
Өз кезегинде Бишкек мэриясы кырдаалды мыйзам чегинде жөнгө салуу боюнча сунуштарды кароого жана конструктивдүү диалогго даяр экенин билдирди.