www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жүк ташуучу унаа 7 унаа менен кагышты

21-май күнү болжол менен саат 13:30 чамасында 1972-жылы туулган Б.Р.К. аттуу айдоочу Mercedes‑Benz Actros үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны башкарып бара жатып, Фрунзе көчөсү менен Абакан көчөсү көчөлөрүнүн кесилишинде 7 жеңил унаа менен кагышкан.

Маалыматка ылайык, окуя боюнча тиешелүү материалдарды тариздөө учурунда айдоочу өзүн туура эмес алып жүрүп, милиция кызматкерлерине жана башка жарандарга карата одоно сөздөрдү айткан.

Наркологиялык кызматтын дарыгер-эксперттери айдоочунун спирт ичимдиктерин ичкенин тастыкташкан.

Аталган жаран Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча Бишкек шаарынын ИИББ тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда жол кырсыгы боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.

Бишкек шаарынын МККБ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана мас абалында унаа башкарбоого чакырды.

Последние новости