www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 58 жаштагы аял HOWOнун алдында калып каза болду

Бүгүн, 2026-жылдын 24-июнунда саат 15:05 чамасында Бишкек шаарында, Л. Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол-унаа кырсыгы катталды. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа түндүк багытты көздөй бара жатып, 58 жаштагы аял кишини сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жаран алган оор жаракаттарынан улам ошол жерден каза болгон.

Маалыматка караганда, жөө жүргүнчү жол белгиленбеген жерден чыгыштан батышты көздөй өтүүгө аракет кылган учурда унаанын алдынан чыгып калган. Айдоочу жөө жүргүнчүнү өз убагында байкай албай калгандыгы айтылууда.

Учурда бул факты боюнча тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Последние новости