www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте жол талашып чыр чыгарган айдоочу кармалганын Бишкек милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-май күнү болжол менен саат 09:15 чамасында Бишкек шаарынын ИИББнын "102" кызматына Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде белгисиз эки жаран жол талашып, одоно коомду тартипти бузуусу тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт Бишкек ш. Свердлов РИИБдин МЭЖне катталган.
Учурда окуяга тиешеси бар 1984-жылы туулган Б.А., аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча протоколдор түзүлдү. Аталган жаран райондук убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкек шаардык милиция борбор калаанын тургундарын жана конокторун коомдук тартипти сактоого, мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө жана бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга чакырат. Чыр-чатактуу жагдайлар жаралса, дароо "102" номуру аркылуу ички иштер органдарына кайрылууну сунуштайт.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда эки жаран жолдо чырдашып жатканы тууралуу видео жарыяланган. Анда араб жараны сабалганы айтылган.
Ал эми Бишкек ИИБы видеодогулардын бир чет элдик жаран экени билдирген.