www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ак Ордо-3 жаңы конушунда быйыл пайдаланууга берилген №104 мектепте окуучулар убактылуу төрт нөөмөттө окуп жатышат.

Мектептин директору Топчугүл Кудайбердиеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 750 орунга эсептелген мектепке жаңы окуу жылында 4 миңден ашуун бала кабыл алынган. Учурда 1-2-класстын окуучулары төрт, 3-4-класстар үч, 5-11-класстар эки нөөмөттө билим алууда.

Директордун маалыматына ылайык, 1-2-класстардагы акыркы нөөмөт саат 16:45те башталып, сабактар 40 мүнөттөн өтөт. Ал эми 5-11-класстарда сабактар 45 мүнөттү түзөт.

Мектептин дагы эки, ар бири 750 орунга ылайыкталган имараты 1-ноябрда пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Ошондон кийин, экинчи чейректен тарта окуу эки нөөмөттө жүргүзүлөт.

Ак Ордо-3 — Бишкектин батыш тарабындагы калкы жыш жайгашкан ири жаңы конуштардын бири. Борбор калаада мектеп орундардын жетишсиздиги жана класстардагы окуучулардын көптүгү маселеси буга чейин да көтөрүлүп келген.

Последние новости