www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүнүн кош бойлуулардын патологиясы бөлүмүнүн палаталарынын биринен кантала табылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, палатада курт-кумурска жүргөн учурлар аныкталган. Андан соң бөлмө бошотулуп, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлдү, ошондой эле керебеттер, төшөктөр жана башка жумшак эмерек-жабдыктар алмаштырылды.

Басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, кырдаал тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна маалымат берилип, анын адистери тиешелүү сунуштарды беришти. Бул маселе медициналык мекеменин администрациясынын көзөмөлүндө турат.

«Учурда бейтаптардан арыз-даттануулар түшкөн жок, төрөт үйү кадимки тартипте ишин улантууда. Бөлүмдөрдү толугу менен дезинфекциялык тазалоодон өткөрүү бейтаптарды убактылуу башка жакка бошоткондон кийин гана мүмкүн болот», - деп жазылган маалыматта.

Последние новости