www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күн мурун Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева борбор калаадагы бала бакчаларга жеткирилүүчү нан азыктарынын сапатын текшерүү максатында «Бишкекнаабайкана» ишканасына барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мэрдин орун басары ишкананын өндүрүш жайларын кыдырып, санитардык талаптардын сакталышын карап чыкты. Ошондой эле азыктардын сапаты, белгиленген стандарттарга шайкештиги жана сактоо мөөнөттөрүнүн тууралыгы текшерилди. Өндүрүштүн бардык этаптарында технологиялык талаптардын так аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бала бакчаларга жөнөтүлө турган продукциянын сапатын үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү камсыз кылуу, ошондой эле өндүрүштөгү санитардык-гигиеналык көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.