www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги башаламан жүруп жаткан курулуштарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.
Балбак Түлөбаев мэриянын ишине Жогорку Кеңештин кийлигишкени мыйзамсыз экенин айтты. Эртең бирөө Конституциялык сотко берсе утуп алаарын белгиледи. Ал эми Искендер Матраимов учурда ЖКнын регламенти иштелип чыга электигин билдирип, аны кабыл алгандан кийин гана комиссия түзүүгө чакырды.
Көпкө созулган талаш-тартыштан кийин комиссия түзүү чечими кабыл алынып, анын курамына фракциялардан бирден жана Бишкек шаарынын төрт округунан шайланган депутаттар кирди.
"Ынтымак" фракциясы — Аида Исатбек кызы;
"Бүтүн Кыргызстан" — Исхак Масалиев;
"Ыйман нуру" — Венера Раимбачаева;
"Ата журт Кыргызстан" — Алишер Козуев;
"Ишеним" — Медер Аалиев;
"Альянс" — Азамат Исраилов;
Элдик топ — Тазабек Икрамов;
Октябрь шайлоо округу — Дастан Бекешев;
Биринчи май шайлоо округу — Элвира Сурабалдиева;
Ленин шайлоо округу — Жаныбек Абиров;
Свердлов шайлоо округу — Шайлообек Атазов.
Булак: NazarNews.kg