www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги имамдар бирдиктүү формага өтүштү

5-августтан тартып Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнө караштуу бардык имамдар бирдиктүү формада кызмат өтөй башташты.

Бул демилге Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров тарабынан көтөрүлүп, өлкө аймагындагы имамдардын бирдиктүү үлгүдөгү кийим менен кызмат өтөөсүн камсыздоого багытталган.

4-августта КМДБнын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгү райондук баш имам-хатибдер менен жыйын өткөрүп, аларга ак чепкен жана ак селде тапшырылды. Андан соң төрт райондун баш имам-хатибдери өз аймактарындагы имамдарга бирдиктүү формаларды таратып беришти.

КМДБнын маалыматына ылайык, ак чепкен жана ак селде имамдардын сырткы көрүнүшүндөгү бирдиктүүлүктү гана эмес, алардын коом алдындагы жоопкерчилигин, тартипти, адеп-ахлактык баалуулуктарды жана элге үлгү болуу милдетин символдоштурат.

Аталган демилге имамдардын кызматтык маданиятын жогорулатууга, алардын коомдогу кадыр-баркын бекемдөөгө жана диний кызматкерлердин биримдигин чыңдоого багытталган.

Последние новости