www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы «Алтын казык» конушундагы кирпич заводунан чыккан кара түтүн боюнча тиешелүү органдар текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда тараган видеого байланыштуу Экологиялык мониторинг департаменти жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы тарабынан жеринде кароо жүргүзүлгөн.

Текшерүү 17-июлда саат 04:00 чамасында ишкананын аймагында өткөрүлүп, лабораториялык изилдөө үчүн атмосфералык абадан үлгүлөр алынган.

Кароо учурунда заводдун аймагында синтетикалык материалдарды, желим калдыктарын же тиричилик таштандыларын жагуу фактылары аныкталган эмес.

Атмосфералык абадан алынган үлгүлөрдүн лабораториялык жыйынтыгы кийинчерээк жарыяланат.

Последние новости