www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги №1312 шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу фактысы катталды. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында ИИМде жалпы 26 маалымат катталды.

“Алардын 12си үгүт иштеринин бузулушу, 8и добуш сатып алуу, үчөө шайлоочуларды ташуу жана үчөө башка бузуулар. Бишкектеги шайлоо тилкесинде добуш сатып алуу боюнча видео такталды. Ал №1312 тилкеде орун алган. Жерине документтештирүү тобу жөнөтүлгөн. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинде 192-беренеси ("Шайлоочулардын добушун сатып алуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө”, - дейт ал.

Ыкчам чара көрүү координациялык топтун жетекчиси Тынчтык Шайназаров саат 16:00гө карата 36 кайрылуу келгенин айтат.

“Кайрылуулардын алтоосу боюнча акт түзүлдү, бирөө жоюлду, 3 маалымат такталган жок. Ички иштер органдарынын кароосуна 10 кайрылуу, аймактык шайлоо комиссиясында 5 кайрылуу каралууда”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости