www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында жана облуста саат 15:00гө карата шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу жөнүндө 21 маалымат милицияда катталды. Алардын басымдуу бөлүгү добуш сатып алууга тиешелүү.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков шайлоодо партиялар бири-бирин каралап, жалган маалымат таратып жаткан учурлар бар экенин билдирди.

Анын айтымында, 16 маалымат электрондук китепчеге катталган. Алардын сегизи добуш сатып алуу, төртөө шайлоонун жүрүшүнө тоскоолдук кылуу, төртөө ээнбаштыкка байланыштуу:

«Шайлоонун жүрүшүндө партиялар бирин-бири каралоо, беделин түшүрүү аракетин жасап, ар кандай белгилүү жана белгисиз фейктерди пайдаланып, ушундай аракеттерге барып жатышат. Айрым маалыматтар жалган болуп чыгууда».

Ал эми Ош облустук милициясы добуш сатып алуу, үгүт жүргүзүү жана коркутуп-үркүтүү боюнча беш маалымат текшерилип жатканын кабарлады.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости