www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген адам кармалды, деп билдирди бүгүн, 11-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү 2016-жылы Ош шаарынын тургунунан «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа сатып алган. Унааны 6 миң долларга баалашып, алгач 40 миң сом берген. Акчанын калганын 2 айдын ичинде төлөп берүүнү убадалап, бирок качып кеткен.
Жабырлануучу милиция кызматкерлерине 2019-жылы кайрылып, алдамчылык беренеси менен тергөө иштери башталган. Шектүүгө издөө жарыяланып, Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шектүү — 1983-жылы туулган Ж.К Бишкекте жашырынып жүргөнү аныкталган. Ал 9-апрелде «Ош» базары тараптан кармалды.
Милициянын маалыматы боюнча, шектүү Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Алдамчылык боюнча тергөө уланып жатат.
Булак: NazarNews.kg