www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

300 аскердин добуш берүүсү боюнча түшүндүрмө берилди

Курсанттар аскер адамдары болгонуна байланыштуу өздөрү катталган аймакка баралбайт. Андыктан №1005 шайлоо тилкесине катталып, ошол жерден добуш беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн саат 10:30 чамасында, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульварынын №68 дарегинде жайгашкан №1005 аймактык шайлоо тилкесинде «болжол менен 300 аскерди алып кирип шайлатып жатат» деген маалымат түшкөн.

Аталган окуя боюнча көрсөтүлгөн дарекке Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын документтештирүү тобу барган. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Токшань Оксана 11-апрелде саат 10:30 чамасында К. Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары шайлоого катышып, референдум үчүн добуш берип кеткенин, себеби алар аскер адамы болгондуктан, өздөрү жашаган аймактан добуш бере албасын, андыктан ушул шайлоо тилкесине катталганын маалымдаган.

Айтылган маалыматта кылмыштын курамы жок болгондуктан, номенклатуралык ишке өткөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости