www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто бюллетендер атайын урнага эмес коробкага салынганбы?

Милиционерлер Ноокат районунда бюллетендер автоматтык эсептөө урнасына эмес, кадимки коробкага салынып жатат деген маалыматты текшеришти.

Окуя №5413 участкада болгонун ЖМКлар жазып чыгышты.

ИИМден билдиришкендей, текшерүүнүн натыйжасында саат 9:50дө чын эле электрондук урна беш мүнөткө иштебей калганы аныкталган.

«Видеодон эки жаран электрондук урнага келип, бирок иштебей жатканын байкап калышканын көрүүгө болот. Ошол эле учурда алар бюллетендерди ары коюп зарыл жумуштары бар экенин айтышкан. Кийин акт түзүлүп, бюллетендер электрондук урнага салынган», - дешти ИИМден.

Министрлик 23 жаштагы кыз өзүнүн бюллетенин сүрөткө тартып алууга аракет кылганын дагы айтты. Факты Бишкектеги №1150 участкада катталган.

Шайлоочу бюллетенди сүрөткө тартууга болбой турганын билбегендигин, болгону туугандарына көрсөткүсү келгенин айткан.

Материалдар БШКга өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости