www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги СИЗО-1 шаар сыртына көчүрүлөт

Бишкектеги №21 тергөө абагы (эл арасында СИЗО №1 деп айтылып келет-ред.) шаар сыртына көчүрүлөт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик (ЖАК) кызматынын жетекчисинин орун басары Кемел Садыков Фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди.

"Коомдук тартипти сактоо үчүн шаардын ортосундагы мекемелерди сыртка көчүрүү планы бар. №21, №23, №25 абак мекемелерин сыртка көчүрүүгө иш-аракеттер жүрүп жатат. Иш качан башталары белгисиз", - деди Садыков.

Бишкектин Пудовкин-Горкий көчөсүндө жайгашкан №1 тергөө абагында сот чечими чыга элек кылмышка шектүүлөр отурат. Учурда анда канча киши кармалып турганы белгисиз. Укук коргоочулар абакта кармалгандардын шарты начар экенин айтып келишет.

ЖАКтын борбордук стационардык медициналык мекемеси болгон №47 колония быйыл толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасаган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык атайын башка мекемелерге которулган. Анын ордуна ипотекага көп кабаттуу турак жай комплекси курулуп жатат.

2022-жылкы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. Алардын 500дөн ашууну аялдар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости