www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги үрөй учурган жол кырсыгынын видеосу

Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосу менен сүрөттөрүн активист Болот Ибрагимов өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Кадрларда көрүнүп тургандай, Mercedes үлгүсүндөгү автоунаа Айтматов проспектиси менен бара жатып, жол жээгиндеги бакка (же мамыга) урунган. Машинанын тетиктери чачырап, алдыңкы бөлүгү талкаланып кеткен.

Ибрагимовдун айтымында, айдоочу окуя болгон жерден качып кетиши мүмкүн. Кийин ал жерге барган жол инспекторлору дагы автоунаада жүргүнчүлөр дагы жок болуп чыкканын тастыкташты.

Кайгуул милициясы учурда кырсыктын чоо-жайын иликтеп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости