www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги ышты «Кумтөрдүн» акчасы менен жоюу керек

Бишкек шаарын каптаган кара түтүндү «Кумтөрдүн» каражаты менен жоюну Айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин Бишкек-Чүй боюнча башкармалыгынын жетекчиси Болот Кадырбеков сунуш кылды. Бул тууралуу ал 15-декабрда өткөн басма сөз жыйынында айтты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын башында Бишкек шаары менен Чүй облусундагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча мамлекеттик план иштелип чыгып. Анда 40 пункттан турган долбоор камтылган.

«Азыркы тапта мамлекеттик мекемелердин бардыгы ушул планга ылайык иштеп жатат. Пандемия, экономикалык кыйынчылыктан жана саясий окуялардан улам айрым пункттарын ишке ашыруу мүмун эмес болуп калды.

Бирок иштеп жатабыз. Бишкектеги ышты «Кумтөрдөн» түшкөн 1,4 миллиард сомду коротуу менен жеңсе болот», - деди Кадырбеков.

Айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин өкүлү Бишкек мэриясына караштуу райондордун жетекчилигине ышты жок кылуу жана бул күрөштү финансылык жактан каржылоо боюнча долбоорлорду сунушташы керектигин белгилеп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-декабрда Бишкек мэриясынын алдына нааразылык акциясына чыккандар шаарды каптаган ышты жоготуунун чараларын көрүүнү шаар бийлигинен талап кылышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости