www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-декабрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү» аттуу семинар өттү.
Семинарды Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурду. Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, белгилүү тилчилер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.
Министр Нуржигит Кадырбеков өз сөзүндө кыргыз алфавитине казактардыкындай кошумча тамгалардын киргизилиши зарыл деген пикирин билдирди.
«Эгемендүүлүк жылдары бизде башкача тил пайда болду. Союз мезгилинде тилге өтө кылдат мамиле жасалган. Бир ката кетирип койсо «редактордун шору болчу» деген сөздөрдү угабыз.
Азыркы мезгилде каталар биз тараптан дагы көп кетип жатат. Мындан тышкары гезит, журнал жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан ката кетип жатканын көрүп жатабыз. Андыктан тилге олуттуу мамиле жасоо керек. Бала кезде калпак деген сөздөгү «к» тамгасын орус тилдүүлөр жумшартып айтса түшүнчү эмесмин.
Мисалы, казактарда «к» тамгадан экөө бар. Бири тилдин ыңгайына жараша жумшак, экинчиси катуу айтылат. Казактарда мындан тышкары эки «у» тамгасы бар. Тил комиссиясынын мурдагы төрагасы Эгемберди Эрматов «аь» тамгасын киргизүү керек десе, чынын айтканда күлгөм.
Бирок ойлонуп көрсөм, мунун деле бир жөнү бар сыяктуу. Себеби кээ бир аймактарда «аь» деген тамганын жоктугунан көп сөздөр бизге таандык болбой калыптыр.
Ошондуктан тил жаатында реформа керек. Түштүк тарапка барган ыктыярчылар өзбек тилин бат эле өздөштүрүп кетип жатат» , - дейт министр Кадырбеков.
Булак: NazarNews.kg