www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекти кардан тазалоого 38 техника, 715 жумушчу чыкты

Муниципалитет эл ташууга чыккан коомдук транспорт тууралуу да маалымат берген. Саат 8:00гө карата каттамга 198 автобус, 129 троллейбус, 670 маршрутка чыкты.

Борбор калаанын жолдорундагы карды тазалоо үчүн 38 техника колдонулуп, ишке 715 жумушчу чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолдорго жана тротуарларга 20 тонна туз себилген. Мындай иштер шаардын 133 көчөсүндө жүргүзүлдү.

Муниципалитет саат 8:00гө карата каттамга 198 автобус, 129 троллейбус, 670 маршрутка чыкканын кошумчалады.

Мэрия жол тазалоого байланышкан маселелер болсо же трасса боюнда тазаланбаган жерди көрүп калса шаардыктар 0554 182 185 WhatsApp номерин жазып же 1840 жана 1850 номерлерине чала аларын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости