www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, эки айлык борбордун инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, аймагын көрктөндүрүү максатында жарыяланат. Көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүүгө менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана мекемелер, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн, жеке турак жайлардын жашоочулары тартылат.

«Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге ишти күчөтүлгөн режимде уюштуруу тапшырылды. Муниципалдык инспекцияга жана муниципалдык чарба башкармалыгына бекитилип берилген участоктордун абалына көзөмөлдү жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу милдети тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.

Төрт райондун акимдерине муниципалдык аймактык башкармалык менен биргеликте бекитилген участоктор, анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган жаңы аймактар менен таанышуу тапшырмасы берилди.

Мэрия 2024-2025-жылдары Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча штаб түзүлгөнүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости