www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Барган сайын кейиштүү окуялар орун алууда. Өзгөчө Бишкек шаарында кылмыштуулук күчөдү. Чак түштө атышып жатышат, зордуктоо, тоноо, адам өлүмдөрү...
Баса, активисттин машинесине граната коюлса, ал боюнча Бишкек ШИИБ ыкчам маалымат бере албай, «какап» калганы эмнени билдирет? Айтор, коомдук-коопсуздук абал, элдин тынчтыгы бузулду. Уюшкан кылмыштуулукка милиция «кыңк» эте албай калдыбы? Өздөрү пара менен байма-бай кармалып жатышса кайдагы үлгү? Эрксизден баш чайкайсың!
Бишкек ШИИБнин начальниги Азамат Ногойбаев иштей албай калганы ачык байкалууда. А эмнеге «сүр сүтүп» кармап отурушат? «Кызыл шапкечендердин» тили менен айтканда, өздүк курам малдай эле жайылып кеттиби? Эмне кылуу керек? ИИМде узун бойлуу, жарашыктуу мурутчан, билимдүү, профессионал полковник бар. Генералга алмашкыс.
Мына ушул азамат гана Бишкекти тартипке келтирип, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң коопсуз шаарга айландырат эле. Тилекке каршы, уюшкан кылмыштуу топтордун таасири күчөп кетип, биз ылайык көргөн баалуу кадрга бут тосуп жатышабы? Кызык.
Мамлекеттин жүзү катары борбор шаар саналат эмеспи. Бардык жагынан көркөм, коопсуз, жаркырап турушу керек. Эмне үчүн биз элестеткен, кыялыбыздагы борборду калыбына келтире албайбыз? «Кадрлар баарын чечет дечү эле, бул жагынан аксап, артта калып бүттүк.
Булак: Азия News гезити