www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 4–15-апрель күндөрү IPCA уюмунун колдоосу астында майыптыгы бар адамдар арасында шахмат боюнча Азиянын биринчи чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттеринен жалпы 25 спортчу катышты.
Катышуучулардын арасында Шахмат боюнча БӨСМдүн тарбиялануучулары Тилеген Рахатбеков жана Баястан Асангазиев да болуп, алар эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргошту.
Мелдештин жыйынтыгында классикалык шахмат түрү боюнча Тилеген Рахатбеков жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, 3-орунду ээледи.
Бул турнирге катышуу инклюзивдүү спортту өнүктүрүүдө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында шахматты жайылтууда маанилүү кадам болуп саналат.