www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Корумду айылында 6–9-июнь күндөрү өткөн пара армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионатында Бишкек шаарынын спортчулары ийгиликтүү оюн көрсөтүп, жалпы 9 медаль багындырышты.
18 мамлекеттин күчтүү спортчулары катышкан мелдеште Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында Бишкек шаарынын теннис, паралимпиадалык жана күч спорт түрлөрү боюнча адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары күч сынашты.
Чемпионаттын жыйынтыгында борбор калаанын спортчулары 6 күмүш жана 3 коло медаль утушту.
Күмүш медалдарды Токтосун уулу Бекбосун (сол жана оң кол боюнча), Камчыбек уулу Эрлан (сол жана оң кол боюнча), Нурматов Евгений (оң кол боюнча) жана Жунусов Өмүрбек (сол кол боюнча) жеңип алышты.
Ал эми коло медалдардын ээлери Нурматов Евгений (сол кол боюнча), Прокопов Александр (сол кол боюнча) жана Бексултан Жыргалбеков (оң кол боюнча) болушту.
Белгиленгендей, спортчулардын ийгиликтүү көрсөткүчтөрү үзгүлтүксүз машыгуунун, жогорку деңгээлдеги даярдыктын жана машыктыруучулардын кесипкөйлүгүнүн жыйынтыгы болду.