www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук статистика комитети “таз-за” тамаша кыла баштады окшойт. Чоочуп дагы кетесиң, башка бир дүйнөдө жүргөндөй.  Аталган тармактын порталында, ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн борбор калааларында жашаган элдин орточо айлыгы жана андагы тамак-аштардын статистикасын баалары тууралуу маалымат пайда болду.

Ал маалыматта айтылгандай, албетте биздин өлкө артынан биринчини ээлеп турабыз. Тагыраагы, 2019-жылдын августунда маскөөлүктөрдүн орточо эмгек акысына 229 килограмм эт келе турган болсо, коңшу Казакстандын Нур-Султан шаарында 155 килограмм келерин тактап, санап чыгышкан. Ал эми Бишкектен 70 килограммга жакын уйдун этин же 798 килограмм ун сатып алса болот экен.  Башкасына тиш салбай эле койолу, бу бизге тиешелүүсү асмандан алынган суммага эле статистика жүргүзө салышкан эмеспи? Кыргызстанда орточо айлык билишибизче, 16 миң сом. Ал деле биздин статисттердин ою боюнча, бирок, 3-4 миң сом айлык да алгандар бар экендиги белгилүү.

Эми ушуга жараша, жерге жакыныраак түшүп өзүбүздүн эсеп-кысабыбызды жүргүзүп көрөлү.

Карап көргүлө, базарда малдын эти азыр 300 сомдон өйдө турат, андан кымбатын көрүп жүрөбүз, бирок 300 сомдон арзанын көрө элекпиз. Ошондо, (16 000  ÷ 300 = 53,3) элүү үч килограмм эле эт келет экен. Статисттер кичине эле апыртып ийишиптир. Башкача айтканда, шаардыктарга 20 килограмм эт же 6 миң сом кошумчалашкан. Эми көңүл кылып, “эт жебесе дагы шорпо ичишкендей болсун” дешсе керек кыязы... 

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости