www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

CҮРӨТ - Бишкектиктерге колдоо

Свердлов районунун акимдигинде аз камсыз болгон жарандарды колдоо, ошондой эле, кичи бизнести өнүктүрүү жана калктын иш менен камсыз болушуна дем берүү максатында Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган жарандардын ишкерлер менен жолугушуусу уюштурулду.

Баяндамачылар: Мыктыбек Арстанбек, Пышкин Денис, Өмүрканова Нурзада жана Ибрагимов Абдурашид. Финансылык көз карандысыздык боюнча өз тажрыйбалары жана идеялары менен бөлүштү. Жолугушуу жүрүшүндө бизнес-идеялар сунушталды, алар менен иштөө олуттуу финансылык инвестицияларды талап кылбайт.

Жыйынтыгында 4 адам сунуш кылынган долбоорлорго катышуу каалоосун билдирип, аларга эми бизнес ачууга жана уюштурууга көмөк көрсөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости