www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин абасынан дем алуу өтө кооптуу чекке жетти

Бишкектин абасынан дем алуу өтө кооптуу чекке жетти

Дүйнөлүк абанын сапатын көзөмөлдөгөн World Air Quality уюмунун индексине ылайык, Бишкек 19-январь күнү эртең менен дүйнөдөгү абасы эң катуу булганган шаарлардын бири болуп катталды. Саат 10:00гө карата алынган маалыматтарга ылайык, шаарды каптаган ыш жана түтүн абалды өтө кооптуу чекке жеткирди.

Бишкектин ар кайсы бөлүктөрүндө орнотулган аба өлчөгүч жабдуулар бири-биринен кескин айырмаланган көрсөткүчтөрдү берүүдө. Айрыкча шаардын чок ортосунда, Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинин айланасында абанын сапатынын индекси (AQI) 748ге жеткен. Бул көрсөткүч эл аралык стандарттар боюнча адам өмүрү үчүн өтө кооптуу абал катары бааланат. Борбордук райондордун башка бөлүктөрүндө да абанын сапаты 222 жана 613 деңгээлинде катталган.

Адистердин айтымында, коопсуз абанын индекси 50дөн төмөн болушу шарт. Бирок учурдагы абал бул нормадан ондогон эсе ашып кеткенин көрсөтүүдө.

World Air Quality платформасы Бишкектеги кырдаалга “адамдардын саламаттыгына олуттуу коркунуч жаратуучу” деген баа берип, калктын бардык катмарына сак болууга чакырды. Өзгөчө балдарга, кары-картаңдарга, кош бойлуу аялдарга, жүрөк-кан тамыр жана өпкө оорулары бар адамдарга көчөгө чыкпай, мүмкүн болушунча үйдө калуу сунушталууда. Ошондой эле шаар тургундарына ачык абада спорт менен машыкпоого, коргоочу беткаптарды колдонууга жана зарыл болбосо сыртка чыкпоого кеңеш берилди.

Шаардагы ыш менен түтүн учурда көчөдө гана эмес, үйлөрдүн ичинен да сезилип жатканы тургундардын тынчсыздануусун күчөтүүдө. Айрым жашоочулар дем алуу оорлоп, тамак ачышып, аллергиялык жана өнөкөт оорулар күчөгөнүн айтууда.

Акыркы жылдары Бишкектеги абанын булганышы эң курч экологиялык көйгөйлөрдүн бири болуп калды. Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда, көмүр жагуу күчөп, шаарды каптаган кара түтүн кадимки көрүнүшкө айланды. Бишкектин үстүн каптаган коюу смог тартылган сүрөттөр менен видеолор социалдык тармактарда жыл сайын кайра-кайра тарайт.

Мурда шаарда абанын сапатын көзөмөлдөгөн жабдуулар көбүрөөк болгон. Бирок алардын айрымдары көрсөткүчтөрү так эмес деген жүйө менен алынган. Азыркы тапта болгону 7–8 жабдык гана иштеп турат жана алардын көбү шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Бул болсо жаңы конуштарда жана шаар четинде жашаган калк үчүн абанын чыныгы абалын билүүгө мүмкүндүк бербей келет. Мурдагы жылдары дал ошол аймактарда абанын булганышы кооптуу чекке жеткен учурлар катталган..

Последние новости