www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Газпром Кыргызстан" ишканасы Бишкектин Осмонкул жана Древесная көчөлөрүнүн кесилиштериндеги жер астындагы өткөргүчтөн газдын сызылып чыгуусун токтотуу үчүн оңдоо иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындан улам "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы да 15-19-ноябрь аралыгында жылуулук жана ысык суу берүүнү аргасыздан токтотот.

"№21 мектеп-интернатынын (Дачная, №23 көчөсү), Красный строитель конушундагы Красный строитель көчөсүндөгү отканалар өчүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Жеринде "Газпром Кыргызстан" ишканасынын оңдоо иштерин жүргүзүүчү тобу жана атайын техникалары иштеп жатат.

Мэрия бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, "Газпром Кыргызстан" ишканасы оңдоо иштерин бүткөрөр замат жылуулук берилерин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости