www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-мартта Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

2026-жылдын 26-мартында саат 09:00дөн 15:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Панфилов көчөсү – Манас проспектиси - Фрунзе көчөсү – темир жол линиясы.

“Тоголок Молдо” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.

Последние новости