www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мамлекеттик сатып алууларды тендер өткөрбөстөн жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, 2011-2018-жылдар аралыгында Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) биринин өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, лифт агрегаттарын даярдоо, жылуулук жана электр энергиясын эсептөө приборлорун техникалык тейлөө, текшерүү боюнча кызматтарды сатып алууну, ысык жана муздак сууну сынаксыз, тендерсиз ишке ашырышканы аныкталды.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, муниципалитетке 30 миллион сомго жакын зыян келтирилген.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg