www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылындагы жер тилкенин аэропорт курууга жарактуулугун изилдөөнү тапшырды. Бул тууралуу Минкабдын 2023-жылдын 26- декабрындагы буйругунда айтылды.
Ошондой эле Минкаб «Манас» эл аралык аэропортуна жер тилкенин аэропорт курууга ылайыктуулугун аныктоо максатында керектүү изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, ал изилдөөлөрдү каржылоону сунуштады. Президенттин Чүй облусундагы өкүлүнө ӨКМ менен бирге жер тилкенин так координацияларын аныктоону тапшырды. Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги ӨКМге изилдөө жүргүзүүгө көмөктөшүүгө милдеттендирилди.
Бул буйруктун аткарылышына Президенттин администрациясынын Президент жана Минкабдын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгы көз салат.
Бишкек шаарынан Байтик аралына чейинки аралык 17,5 чакырымды түзөт. Ал эми «Манас» аэропорту менен Бишкек шаарынын ортосундагы аралык 27 чакырымдай.
Булак: NazarNews.kg