www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы түшүнөн чочуп ойгонду

Кылычын сүйрөп кыш келгенде Бишкектин мэриясы түшүнө чочуп ойгонду өңдөнөт. Мэриянын “Бишкекжылуулуктармагы” 4–9-ноябрь күндөрү борбор калаанын бир нече даректеринде жылуулук убактылуу өчүрүлө турганын сүйүнчүлөдү. Себеби “жылуулук тармактарын оңдоо иштери” жүргүзүлүп жатыптыр. Ооба, кыш кирген маалда оңдомой болушуптур. 

Өчүрүү төмөнкү даректерде пландалган: Учкун кичи району (8, 8/1, 8/2, 9, 11, 12, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 33, 24а, 24б), Казан-Булак көчөсү, Үч-Тулга көчөсү, Сүйүмбаев көчөсү жана Герцен көчөсү, ошондой эле Чүй проспектисиндеги 115, 117 жана 119-үйлөр. 

Ушул жерден жөнөкөй суроо туулат, эмне үчүн күн жылуу болгон жайында эмес, суук түшкөндө эстерине келишти? Буга дейре эшек такалап жүрүштүбү? Кыш түшсө эле түтүк жарылат, суу токтойт, жылуулук өчөт. Анан элди “түшүнүү менен мамиле кылууга” чакырган болуп догурушат.

Бул көрүнүш чындыгында элге болгон кыянаттык. Анткени жөн гана техникалык көйгөй деп айтууга болбой турган, жыл сайын кайталанган системалуу шалаакылык, жоопкерчиликсиздик.
Ырас, жылуулук системасын оңдоо иштери зарыл экени талашсыз. Бирок аны элди тоңдуруп кышында жасоо өзүм билемдик жорук. Өз элин сыйлабагандык. Элге жылуулук гана эмес, жылуу мамиле да керек. Тилекке каршы, мэрияда аны билер уят-сыйыт, эң кур дегенде моралдык жоопкерчилик байкалбайт.

 

 

 

 

 

Последние новости