www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясына караштуу капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 17 даана бак-дарак мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан кабарлашты.

Мекеменин Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча башкармалыгына 18-январда Пригородный  айыл өкмөтүнөн арыз келип түшкөн.

Анын негизинде, экологиялык коопсуздук боюнча инспекторлор Бишкек мэриясына караштуу капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан бак-дарактар мыйзамсыз кыйылганын аныкташты.

«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамдын, 4-51-53-54-беренелерине ылайык, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 36067,07 сомдук доо коюлуп, материалдар Аламүдүн районунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости