www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алексей Навальныйдын катчысы кармалды

Россияда оппозиционер Алексей Навальныйдын катчысы Кира Ярмыш кармалды.

Ярмыш өзү Твиттердеги баракчасы аркылуу түнкүсүн административдик кармоолорго байланышкан камерада калганын, соту бүгүн боло турганын айтан.

Ага карата 2 протокол түзүлгөн. Бири митинг өткөрүүдөгү эреже бузуу боюнча, экинчиси полиция кызматкеринин талабын аткарбаганы менен байланыштуу.

Эске салсак, Алексей Навальныйды «Шереметьево» аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Ал Москвага Берлинден учуп барган эле. Кийинчерээк соттун чечими менен белгисиз мөөнөткө камакка алынган.

Жаза аткаруу федералдык кызматы шарттуу түрдө жазага тартылган Навальныйга 2020-жылы 29-декабрда сыноо мөөнөтүнүн эрежелерин бузганы үчүн издөө жарыялаган. Ал учурда Навальный Германияда болгон. Өзүнүн айтымында, ууландырылгандан кийин дарыланып жаткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости