www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атактуу Google компаниясы өзүнүн Австралия бийлигин өлкө ичиндеги издөө сайтын өчүрөт деп коркутту. Буга Google компаниясынын саясатына туура келбеген мыйзамды киргизүүсү себеп болгонун айтты аталган копаниянын маалымат бөлүмү.

Австралия технологиялык гиганттардан жергиликтүү басмаканалар жана телерадиокомпаниялар менен контент төлөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Эгер макулдашуу болбосо, бааны мамлекет дайындаган арбитр аныктайт.

«Мыйзамдарды изилдеп чыккандан кийин, биз Австралияда өз кызматтарыбызды мындан ары кандайча көрсөтө аларыбызды биле албайбыз деген тыянакка келишибиз керек», - деди дүйнөдөгү эң ири интернет издөө системасы Google компаниясынын аймактык директору Мел Силва.

«Бул коркунуч эмес, бул чындык», - деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде премьер-министр Скотт Моррисон өкмөт коркутууларга жооп бербейт деп билдирди.

Ошондой эле Facebookтун өкүлү Австралиядагы социалдык тармактын жаңылыктар бөлүмүн блоктоо мүмкүнчүлүгүн жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости