www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров компетенсиз ишмердүүлүгү менен шаардын тургундарын, конокторун кыйнап бүттү. Кылган иш чаржайыт, башаламан. Шаарлыктар өз ишин жөндөй албаган "жүдөгөн" мэр жараткан ыңгайсыздыктардан чарчашты. 

Мына азыр шаардын бир канча жеринде жөө адамдар баса турган тротуарлар омкорулуп, чаңы асманга сапырылып каралбай жатат. Жоопкерчиликсиз, кайдыгер мамиленин айынан Бишкектин көчөлөрү бомба түшкөндөй абалда. Шаардагы казылып каралбай, айлап жаткан тротуарлар качан бүтөт айтуу кыйын.

Жанагы "абышка мэр" ишти этап менен ишке ашыруу боюнча пландуу иш кылганды дагы билбейт көрүнөт. Бир көчөнүн тротуарын бүткөрүп анан кийинкисин жасатканга акылы жетпейби? Ушуга билимдин, же ашып-ташыган акылдын деле кереги жок. 

Жок, баарын казып, омкоруп таштап коюш керек. Ошого жараша тез, ыкчам иштеп бүтүрүшсө бир жөн. Мына кыш келээрине аз калды. Эми кар түшөт. Калат жангы топурагы чыгып, чаңы сапырылып жаткан тротуарлар ылай, суу болуп чылага айланып. Шаардыктар ал жерден бутуна целофан пакет кийип баспаса, адам басууга мүмкүн эмес абал жаралат. 

Деги Абдыкадыров мэр болгону шаардыктар аябай жүдөштү. Эки жылдан бери ыш-түтүн. Жайында суу жок карайлашты. Жол тыгын. Жайында жазалбаган тротуарлар кеч күздө омкорулуп жатат жасалбай. Кыскасы, элди кыйнады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости