www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Киев көчөсүндө кыймыл чектелет

Бишкектин Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жумуштар аяктады. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кийинки этаптын алкагында 30-июлдан тарта Киев көчөсүнүн Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы, ошондой эле Шопоков менен Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкелеринде жылуулук тармактарын алмаштыруу жумуштары башталат.

Абдрахманов жана Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде диаметри 159 мм түтүктөр, ал эми Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде диаметри 219 мм түтүктөр алмаштырылат.

Жумуштардын жүргүзүлүшүнө байланыштуу 30-июлдан тарта аталган тилкелерде транспорттук кыймыл жарым-жартылай чектелип турат.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан каттамдарды пландаштырууда убактылуу чектөөлөрдү алдын ала эске алууну өтүнөөрүн белгиледи.

Последние новости