www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы Октябрь районундагы сырткы жарык тармактарын модернизациялоо боюнча иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ишкананын кызматкерлери Ботаникалык жана Садовый чолок көчөлөрүнө тышкы жарыктандырууну орнотту. Азыр 12 светодиоддук чырак аталган көчөлөрдүн жолдорун жарык кылууда.
Анкара көчөсүндө Субан-Ата көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин 2 миң 610 метр, ошондой эле Саманчин көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүндөгү №17 үйгө чейин 600 метр зым өзүн-өзү камсыз кылган изоляцияланган зым менен алмаштырылды.
Жарыктандыруу №3, №6, №7, №8, №10 кичи райондорунда: №40, 41, 42, 28, 29, 30, 30а, 20, 21, 22, 25, 26, 27, 28 үйлөрдүн короолорунун ичинде жүргүзүлүп, тышкы жарыктандыруу үчүн 70 мамыча, 84 чырак орнотулуп, 2 миң 900 метр электр чубалгылары тартылды.
Ташкөмүр көчөсү Политехникалык көчөсүнүн батыш тарабынан баштап тышкы жарыктандыруу үчүн жаңы темир бетон мамычалар орнотулуп, ага 10 светодиоддук чырак орнотулду.
Булак: NazarNews.kg